Жайкы лагерь

high def UNDEF logo

summerУрматтуу достор!

“Кыргыз Индиго” командасы сиздерге кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионатта өтүүчү Жайкы ЛГБТИК лагерь тууралуу маалымдайт.

 Акыркы убакта дискриминациялык мүнөздөгү мыйзам долбоорлорунун коомчулукка сунулушу алкагында ЛГБТИК коомчулугунун биргелешип иш алпаруу, активдүү жарандык позициясын билдирүү жана гомофобдуу көрүнүштөргө бирдикте туруштук берүү зарылчылыгы бар. Эгерде сен чөйрөбүздө болуп жаткан гомофобдуу көрүнүшкө кайдыгер карабасан, өлкөбүздөгү жарандык укуктун корголуусуна салым кошууну кааласан анда учурдан пайдаланып бизге кошул, мүмкүнчүлүктү колдон чыгарба.

 Бул иш-чаранын алкагында төмөндөгү мүмкүнчүлүктөр сунушталат:

— Дискриминациясыз жашоо принциптери менен таанышуу

— Укуктук жактан сабаттуулукту жогорулатуу

-Дискриминация менен күрөшүүнүн айрым механизмдерин өздөштүрүү

— Гомофобдуу мыйзам долбооруна каршы күрөштө өз салымын кошуу

Иш-чарада сени күтөт:

— Пансионат жана пляж аймагы толугу менен кэмптин катышуучулары үчүн гана

                              -Толугу менен коопсуз аймак, күнү-түнү күзөт кызматы

— Пикирдештер менен жагымдуу убакыт өткөрүү.

— Көлгө чөмүлүү жана оюн ойноо үчүн атайын убакыт бөлүнөт

— “Кыргыз Индиго” белгиси бар 10 уюлдук телефон утуп алуу мүмкүнчүлүгү

 — Жана башка көптөгөн жагымдуу сюрприздер

 Иш-чаранын максаты:  ЛГБТИК коомчулугунун политизация, мобилизация, коопсуздук жана сунушталып жаткан дискриминациялык мыйзам долбоорлору алкагында жалпы адам укуктары тууралуу маалымдуулугун жана потенциалын жогорулатуу.

 Датасы: 20-23-июнь 2014-жыл

Өтүүчү жер: Ысык-Көл жээгинде жайгашкан пансионат

Жайкы ЛГБТИК Лагерге катышуу үчүн анкетаны толтуруп, “Жайкы лагерь 2014” темасы менен : kyrgyz.indigo@gmail.com  электрондук дарегине жибериниз.

Көнүл бурунуз: Орундар чектелүү, 50 катышуучу үчүн гана. Анкета менен таанышуудан сон кандидатураныз тандалбаса,Сиз жакын жайгашкан отель/пансионаттарга жайгашып биздин иш-чараларга,оюндарга,сессияларга катыша алсаныз болот. Иш-чара өтүүчү жер жана программа ар бир катышуучуга жекече билдирилет.

АНКЕТА! 

Кошумча маалыматтар үчүн төмөнкү номерлерге чалыныз:

0773258854; 0555333770; 0772670802.

Ваш комментарий будет первым

Написать ответ

Выш Mail не будет опубликован


*