“Сенин чындыгыңды буга чейин билбегениме өкүнөм”. ЛГБТ-адамдардын бир туугандары кеп курат

Сүрөт: "Жалгыз эмессиң" журналы

Кыргыз Индиго тобу бир жыл мурун ЛГБТ адамдардын бир туугандарынын ойлорунун жана окуяларынын топтомун “Жалгыз эмессиң” (орусча — Я рядом) журналы аркылуу басып чыгарган болчу. Журналда квирдүү адамдардын жана алардын бир туугандарынын баштан өткөргөн 14 баяны чагылдырылган. Бул жыйнак ЛГБТ жамаатынын кыргыз коомчулугунда кабыл алуунун кыйындыктарын, түйшүктөрүн жана урунттуу окуяларын камтыйт. Бул себептен биздин топ жыйнактын кыргызча котормосун даярдап, окурмандарга тартуулоону чечтик. Бул маалыматты уланта, он төрт окуянын арасынан бирөөсүн төмөндө чагылдырдык.

Нурсаль менен Кайраттын баяны.

Эмне үчүн адам өзү каалаган адамды сүйө албайт, эмне үчүн сөзсүз түрдө эркек кызды, кыз эркекти сүйүш керек деген илгерки түшүнүк менен жашашыбыз керек?

Мен кадимки советтик үй-бүлөдө туулуп өскөм. Апам доктур, атам аскер адамы болчу. Кайрат менин иним. Курагыбыздагы айырма бир гана жаш. Удаалаш болгонубуз үчүн, аябай ынак өстүк. Бала кезибизден эле мен инимди коргоп, кам көрүп келем. Эсимде, бир жолу эшикке чыксам иним ыйлап отуруптур. Көрсө, балдар аны футболго кошпой коюшуптур. Мен инимди “эркектер ыйлабайт да” деп соороттум. Мен анда бир жерде отура албаган, эч нерседен тайманбаган кыз болчумун. Инимди таарынткан балдарга кыйкырып, анын таламын талаштым эле. Билбейм, мен урушкандан кийинби же башка себептерден уламбы, айтор алар инимди ойногонго көп чакырып калышты.

Иним экөөбүз бир университетке, бирок эки башка багытка тапшырдык. Университетте иним мурункудай ачык-айрым болбой, түнт тартып кетти. Ошондо инимдин кандайдыр бир көйгөйлөрү бар экенин сезгем, бирок такып сураган эмесмин. Ориентациясы боюнча кыйналып жүрөт го деп үч уктасам түшүмө кирген эмес.

Бала кезден эле ЛГБТ жамаатына мамилем түз болгондуктан, алардын арасында тааныштарым көп болчу. Сырын мени менен бөлүшкөн досторум жана курбуларым көп эле. Бирок качандыр бир күнү, мага бир тууган иним ачылат деп ойлогон эмесмин.

Инстаграмда көп кишиге, алардын ичинде ЛГБТ уюмдарына катталгам. Бир күнү Кайрат Инстаграмдан эмне үчүн ЛГБТ уюмдарына жазылганымды сурады. Мен таң калып суроого суроо менен: “А сен каяктан билесиң?” деп жооп бердим. Ал дароо жолукпайлыбы деп, ошол эле күнү жолуктук. Ал мага бир аз ичимдик ичип, даярданып алууну сунуштады.

Мен: Менин аларга жазылганымды, алардын ким экенин кайдан билесиң?

Ал эч нерсе деп жооп бербестен, көпкө унчукпай отурду.

Мен: Эгер мага жооп бере албай кыйналып жатсаң, кел мындай кылалы. Мен сага суроо берем, сен “ооба” же “жок” деп жооп бересиң, макулбу?

Ал макул болду.

Мен: Сен “темадасыңбы?”

Башын ийкеди.

Мен ушундай жоопту укканга даяр элем. Ал мага Инстаграмдан жазганда эле шекшигем. Мен дароо анын колун кармап, туруп: “Мен сени жакшы көрөм, кандай гана чечим жасаба, мен сени ар дайым колдойм” дедим. Ошол тапта иниме эмне үчүн буга чейин мага айтпай, жашырып жүргөнүнө таарындым. Демек, мага ишенбейт тура деген ойдо болдум. Иниме чейин мага көптөгөн досторум, курбуларым ачылышкан эле. Мен аларды кандай болушса, так ошондой кабыл алгам. Алардын баштарынан кандай азап-тозокторду өткөргөнүн жакшы билгендиктен, инимди аяп, ыйлап жибердим жана аны буга чейин эле түшүнбөгөндүгүмө өзүмө-өзүм ачуум келип турду. Ар бир адамга аны түшүнүп, ал ишене турган колдоо керек. Иним ушуга чейин өзү, жападан жалгыз азап чегип жүргөнүн элестетип алып, ыйлагым келип чыкты. Ал “бул туура эмес”, “мындан ары кантип жашайм” деп түйшөлүп, кыйналып жүргөндүр. Ушунун баарын түшүнүп туруп, иниме эми мындан ары жалгыз эместигин айттым.

Жакында иним мени туулган күнүнө чакырды. Отурушта “темадагы” достору да болду. Инимди карап туруп, анын эч кандай санаасы жок, ушунчалык бактылуу жүргөнүн көрүп, тамагым буулугуп, жашып кеттим. Иним “бүгүн жакындарымдын коштоосундагы өмүрүмдөгү эң сонун туулган күн болду” деп айтты. Акыркы жолу инимдин ушундай бактылуу болушун бала кезибизде көрсөм керек эле.

ЛГБТ жамаатына мамилем жакшы же начар деп так айта албайм. Бир гана кабыл алган нерсем — алар коомдун башка мүчөлөрүнөн эч нерсеси менен айырмаланышпайт. Мен эч качан эч кимди курагы, жынысы, улуту боюнча айырмалап карабайм. Мен үчүн инсан катары адамдын өзү биринчи орунда турат. Туура эле логиканы карманат окшойм деп ойлойм.

Менин инимдей ЛГБТ адамдардын басмырланып, кесиптештеринин арасында ориентациясы билинип калганда, жумуштан куулган учурларды көп эле көргөм. Дагы бир чоң көйгөйлөрдүн бири — аларды түшүнгүсү келбей жана түшүнүүгө аракет кылбай үйлөнүүгө мажбурлаган ата-энелер. Алдын-ала сүйлөшүп үйлөнүп, бирок акыры жаман аяктаган учурлар да жок эмес.

Эмне үчүн адам өзү каалаган адамды сүйө албайт, эмне үчүн эркек кызды, кыз эркекти сүйүш керек деген илгертен калыптанып калган түшүнүк менен жашашыбыз керек? Менин оюмча, адам, биринчи кезекте “адам” болуп төрөлүп, адам бойдон өлөт. Ким менен кандай жашап өтөөрүн өзү гана чечет. Анын чечимине эч ким таасир эте албайт.

Биз, байкеси жана эжеси катары, тигини же муну сүй, тигил же бул менен бол дебестен, уурдаба, калп айтпа деген сыяктуу кеңештер менен туура жашоого үйрөтүп, туура жолго салып турушубуз керек. Эң негизгиси, алар жакшы адамдар болуп чоңоюшса болду. Алар ансыз деле кыйналып жүрүшкөндө, бир нерсе деп туура эмес айтып алсаңар, аларды биротоло жоготуп алышыңар мүмкүн.

Кайрат, эч качан бул нерсени “катачылык” деп ойлобо. Кандай болсоң ошондой бол, өзүң менен сыймыктан жана жасаган кадамың тууралуу эч качан өкүнбө. Бактылуу бол!

Ушул жана башка баяндарды бул шилтеме аркылуу окуй аласыз.

Ваш комментарий будет первым

Написать ответ

Выш Mail не будет опубликован


*